Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу
Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу – кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлоруна натыйжалуу салым кошом дегендердин ыктярдуу бирикмеси. Топ кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүнүн кеңейүүсүн, кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлорунун туруктуу жана натыйжалуу өнүгүүсүн, Кыргызстанда ачык/эркин билимге өбөлгө түзгөн шарттардын калыптануусун көздөйт. Көздөгөнүбүздүн жүзөгө ашырылышы үчүн зарыл чараларды көрөбүз деп өзүбүздү милдеттендиребиз.
Милдеттенмелер
[edit]- Топтун максаттарын натыйжалуу жүзөгө ашыруучу, колдон келүүчү ишти кыска жана орто мөөнөткө пландоо
- Бекитилген пландарды убагында аткаруу
- Ачык/эркин билим жаатындагы демилгелерди илгерилетүү, ал тургай укуктук жаатта
- Кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлорунун жеткиликтүүлүгүн, аныктыгын камсыз кылуу
- Кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлорунун жамааттарын турукташтыруу жана көбөйтүү
- Викимедиа кыймылынын жамааттары менен кызматташуу
Көп берилүүчү суроолор
[edit]Эмнеге топтун баштапкы барактары башкалардыкыдай – англисче эмес?
1) Кыргыз тилинде жүргүзүлгөн чыныгы иш процесстеринде табигый мета-терминологияны жана туруктуу сөз айкалыштарын жаратып, иргеп, калыптандыруу.
Тил колдонулбаса – эмне кереги бар? Идеяларды, эрежелерди жана долбоорлорду түз эле кыргызча жаратуунун, аларды талкуулоонун жана ишке ашыруунун аркасынан ойду кыргызча жеткирүү өнөрү өнүгөт. Бул мультипликативдүү эффект берет.
2) "Жумушчу кыргыз тили" маданиятын калыптандыруу.
Кыргыз тили күнүмдүк турмушта же көркөм адабиятта гана колдонулат деген стереотиптен арылгыбыз келет.
3) Жаңы викимедиачыларга үлгү болуу жана пайдалуу из калтыруу.
Мета-викиде жазылган ар бир сөз кийинкилерге калат. Келечектеги викимедиачылар үчүн пайдалуу, системалуу санарип из калтырып, үлгү болгубуз келет.
Ошондо, маалымат башка тилдерде берилбейби? Берилсе – качан?
Мета-вики эмне экенин абдан жакшы түшүнөбүз. Топтун барактарын которуу мүмкүнчүлүгү сөзсүз болот. Алгач, барактардын максатын жана түзүмүн турукташтыруу керек.
Кыргыз тилинен башка тилдерге которуу кыйынчылык жаратпайбы?
Жок. Керек болсо, кыргыз тилин билген алгач англис тилине которот, ал эми калгандар англис тилинен башка тилдерге которо алышат.