Jump to content

Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу/ишмердүүлүк

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki

2025
1. 2025-жылдын 15-февралында Айбек Коёналиев (к:Bosogo) "Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим" программасынын алкагында Бишкекте өткөн иш-чарада Чүй облусунун мектеп мугалимдерине бир сааттын ичинде Кыргыз Википедиясы тууралуу учкай маалымат берип кеткен. Мындан тышкары, Кыргызстандагы панорама эркиндиги, билим берүүдө Википедияны колдонуу жана анын кыргыз тилиндеги бөлүмүн өнүктүрүү, андагы маалыматтын аныктыгы кеп кылынды. Талкуунун соңунда катышуучулар жаңылар үчүн анык болбошу мүмкүн аракеттерди чагылдырган видео форматтагы нускамалардын керектигин белгилеп кетишкен.
Иш-чаранын уюштуруучусу: "Тич фо КейДжи – Заманбап мугалим" коомдук кайрымдуулук фонду – Teach For All тармагынын Кыргызстандагы өнөктөшү