Борбор азиялык WikiCon 2025/Сессияны сунуштоо
Appearance
Бул баракча Борбор Азия ВикиКон 2025ке сессия сунуштоо боюнча көрсөтмө жана жалпы маалыматтарды берет.
Ырааттама
- Өтүнмөлөр кабыл алуу 15 January 2025 00:00 (UTC) башталат.
- Өтүнмөлөр кабыл алуу 2025-жылдын 22-мартында 23:59дө (UTC) аяктайт.
Сессиянын түрлөрү
Конференциянын сессиялары бир нече форматтарда уюштурулуп, төмөнкүлөрдөн бирөөнү тандоо мүмкүнчүлүгү бар:
- Дарс: Бир же эки баяндамачы презентация сунуштап, аягында аудиториядан суроо жооп менен уланат. Лекция үчүн жалпы убакыт 30 мүнөттү камтыйт(суроо-пикирлерди кошкондо).
- Демонстрация: Бир баяндамачы угуучуларды иш жарайаны, программа же иштөө ыкмалары менен тааныштырат. Демонстрация жалпысынан 60 мүнөт (суроо жоопторду кошуп) бөлүнөт.
- Талкуу панели: Бир канча адамдардан турган чакан топ баяндама же бир теманын үстүнөн талкуу жасап, аудиториядан келген суроо пикирлерге жооп беришет. Панель үчүн жалпы убакыт 60 мүнөткө чейин болот.
- Воркшоп: Бир же эки мадератор аудиторияга активдүү интерактив менен бир теманын үстүндө баяндама жасашат. Воркшоп үчүн жалпы убакыт 90 мүнөткө чейин болот.
- Ыкчам талкуу: Бир баяндамчы дарсканада талкуу же суроо жоопсуз эле баяндама жасайт. Ыкчам талкууга үчүн берилген убакыт 5 мүнөт.
- Тегерек үстөл: 10-15 адамдан турган топ тийиштүү бир нуктун үстүндө талкуу жүргүзүшөт. Тегерек үстөлгө берилчү жалпы убакыт 45 мүнөттү түзөт.
- Постер: Окуу жайдын көрүнүктүү жерине илинип койчу плаккатка берилген тема.
Эскертүүлөр:
- Баардык сессия түрлөрү жыйындын негизги программасынада берилет.
- Берилген мөөнөттөр залдарды алмаштыруу үчүн керектүү убакытты камтыбайт.
Байланышуу үчүн
Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор же пикирлер бар болсо, сураныч биз менен байланышуудан тартынбаңыз CAWikiCon25gmail
com.
Презентация үчүн калып
Эгер сизде презентацияга идеялар бар болуп, бирок аны даярдоого толук материалдар топтоло элек болсо, анда сиз атайын Борбор Азия Викикону 2025 үчүн жасалган үлгүнү колдонсоңуз болот. Презентация үлгүсү Гуугл слайд форматында, аны өзүңүзгө көчүрмө жасап алсаңыз болот (Click File ► Make a copy ► Entire presentation).