Кыймылдын стратегиясы/Демилгелер

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Movement Strategy/Initiatives and the translation is 99% complete.
Демилгелердин визуалдык презентациясы.

Бул Викимедиа Кыймылынын 2030 стратегиясынын сунуштарына киргизилген демилгелердин тизмесинин (негизги жыйынтыктар, өзгөрүүлөр же аракеттер) жөнөкөйлөтүлгөн версиясы. Бул тизмедеги демилгелер Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат.

Тизме

Бул окууга жана которууга оңой болгон демилгелердин кыскача тизмеси. Баштапкы тизме же кененирээк маалымат алуу үчүн толук жадыбалды карап көрсөңүз болот.

Сунуштар Демилгелер
1. Кыймылыбыздын туруктуулугун жогорулатуу
1 Катышуучулардын канааттануусуна жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга системалуу көңүл буруу
2 Аз өкүлчүлүктүү жамааттарды каржылоо
3 Викимедиа Кыймылы жөнүндө маалымдуулукту арттыруу
4 Кирешелерди түзүү боюнча глобалдык саясат жана каражаттарды тартуу стратегиясы
5 Ишкана деңгээлиндеги API иштеп чыгуу
6 Үчүнчү тараптардын экосистемаларын ишке тартуу
7 Кыймыл үчүн киреше табуу
8 Айлана-чөйрөнү туруктуу коргоо демилгелери менен шайкеш келтирүү
2. Колдонуучулардын тажрыйбасын жакшыртуу
9 Викимедиа платформасын жакшыртуу, колдонуучунун тажрыйбасын изилдөө, долбоорлоо, сыноо жана коомчулуктун катышуусун жакшыртуу методологиясы
10 Продукциянын дизайны жана колдонуучунун тажрыйбасы боюнча коомчулуктун катышуусу
11 Колдонуучунун тажрыйбасын түрдүү түзмөктөргө ылайыктоо
12 Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Жеткиликтүүлүк көрсөтмөлөрүнө шайкештиги
13 Жаңы келгендер үчүн ресурстар
14 Теңтуштардын, окшош колдонуучулардын мейкиндиги
15 Платформанын документтештирүү жана иштөө стандарттарын түзүү
16 Долбоорлор аралык куралдарды иштеп чыгуу жана кайра колдонуу
17 Өнүгүү үчүн өнөктөштүк, Викимедиа API
3. Коопсуздук жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу
18 Жүрүм-турум кодекси
19 Эреже бузуулар тууралуу купуя билдирүү
20 Жамааттын ичиндеги бейпил маанай
21 Коопсуздукту баалоо жана сактоо планын иштеп чыгуу – техникалык, адамдык жана укуктук колдоо процесстери
22 Маалыматтык түшүндүрүү иши – жергиликтүү дараметти арттыруу
23 Коопсуздук үчүн орнотулган платформа механизмдери
4. Чечим кабыл алууда адилеттүүлүктү камсыз кылуу
24 Кыймылдын жобосу
25 Глобалдуу кеңеш
26 Аймактык жана тематикалык хабдар
27 Ресурстарды бөлүштүрүүнүн ийкемдүү алкагы
28 Кеңештердин функциялары жана башкаруу көрсөтмөлөрү
5. Кызыкдар тараптардын аракеттерин жөнгө салуу
29 Иштин конкреттүү багыттары боюнча жоопкерчиликтерди аныктоо үчүн тирүү документтер
30 Өнөктөштөр жана кесиптештер менен баарлашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
31 Технологиялык кеңеш (баарлашууну, жөнгө салууну жана колдоону жакшыртуу үчүн)
6. Көндүмдөрдү жана лидерликти өнүктүрүүгө инвестициялоо
32 Жергиликтүү көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча глобалдык ыкма — маалыматтарды чогултуу, теңтуштарды тандоо, насаатчылык, таануу
33 Лидерликти өнүктүрүү планы
34 Көндүмдөрдү өнүктүрүүчү инфратүзүм
7. Ички билимди башкаруу
35 Документтештирүү маданиятын жайылтуу
36 Кыймылдын кеңири билим базасын түзүү
8. Таасири күчтүү темаларды аныктоо
37 Викимедиа долбоорлорунун жана алардагы нерселердин мазмунунун таасирин аныктоо
38 Туура эмес маалыматтын жана дезинформациянын кесепеттерин жана аларды солгундатуучу чараларды аныктоо
39 Билим жаатындагы боштуктарды жок кылуу
40 Өкүлчүлүгү аз жамааттардагы таасири күчтүү материалдарды жакшыртуу дараметин түзүү
9. Эркин билим инновациялары
41 Билимдин теңчилигине тоскоол болгон саясаттарды аныктоо
42 Билимдин теңчилигин камсыз кылуучу долбоорлорду сынап көрүү саясаттары
43 Мазмун, форматтар жана түзмөктөр үчүн үзгүлтүксүз эксперименттер, жаңы технологиялар жана өнөктөштүктөр
10. Баалоо, түзүлүштөштүрүү жана ылайыктоо
44 Колдоо жана өз ара жоопкерчилик менен бардык деңгээлдерде мониторинг жүргүзүү, баалоо жана окутуу
45 Технологияларды, координацияны, дараметти, саясатты жана башкарууну кошо алганда, кыймылдын ишмердүүлүгүн жана түзүмдөрүн баалоонун комплекстүү системасын иштеп чыгуу
46 Түзүлүштүк өзгөрүүлөр процесси
47 Ылайыктоо саясаттары (дүйнөлүк өзгөрүүлөргө ылайыктоочу ийкемдүү саясаттар, түзүлүштөр, каржылоо жана пландоо)

Өзгөртүүлөр тарыхы