Уики долбоорунун өкүлдөрү

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Project wiki representatives and the translation is 100% complete.

Уики долбоорлорунун өкүлдөрүн аныктайбыз

Бул баракчаны которуп, өзүңүздүн уики долбооруңузда талкуу башталып, долбооруңузду көрсөтө турган өкүлдү тандаңыз.

Сиздин үнүңүз керек

Сиз Уикимедиа Фонду (WMF) тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун бирине салым кошкондордун бирисиз. Уикимедиа Фонду 900дөн ашык уикини иштетет. Уикимедия кыймылы; WMF 900 уики долбоорлорунун жамааттарынан жана 140тан ашуун катышуучу уюмдардан (регионалдык уюмдар, тематикалык уюмдар жана колдонуучулар топтору) турат.

Келечекте жамааттардын өкүлү болгон Глобалдык Кеңеш болот. Глобалдык Кеңеш уикилерди иштетүү үчүн кызмат көрсөтүү жана тейлөө деңгээли тууралуу макулдашууну сүйлөшөт.

Глобалдык Кеңештин ролу жана милдеттери Кыймыл Уставы деп аталган Уикимедиа Кыймылынын Баш мыйзамында жазылат. Убактылуу Глобалдык Кеңешке (башка нерселердин катарында) Кыймыл Уставын иштеп чыгуу милдети жүктөлөт.

Кыймыл Глобалдык Кеңеште сиздин уикиңиздин үнүнө муктаж. Башка уики-долбоорлордогу өкүлдөр менен кызматташууга убакыт жана күч жумшоо үчүн сиздин уикиңизден өкүл керек. Өкүлдү тандоо үчүн сиз кызматкерлерди тандоо жана/же чечим кабыл алуу боюнча жергиликтүү саясатты жана жол-жоболорду аткара аласыз.

Уики долбоорлору жана шериктештер тууралуу талкуу боюнча суроо(лор)

Сиздин Уики долбооруңуз же шериктеш коому Дүйнөлүк Кеңушти түүнү жана кыймылдын баш мыйзамын иштеп чыгууну колдойбу? Ушул маселелер боюнча иштөө үчүн башка уики долбоорлордун жана шериктеш өкүлдөрү менен иштешүүнү каалаган сиздин уики долбоордун өкүлү ким болот?

Кантип жардам бере аласыз

Сиз бул жараянды илгерилетүүгө мындай жардам бере аласыз:

  • Бул баракчаны мета аркылуу которуңуз
  • Жергиликтүү уикиде долбоор баракчасын түзүңүз
  • Уики үчүн өкүл тандаңыз
  • Төмөндөгү таблицаны мындай толтуруңуз:
    • Сиздин жергиликтүү долбоорун көрсөтүү үчүн
      • Жергиликтүү долбоордун аталышы
      • Түзүлгөндөн кийин, жараян үчүн жергиликтүү долбоор барагына шилтеме бериңиз
      • Тандоодон кийин, агенттин аты (колдонуучу)
    • Сиздин шериктештин көрсөтүү үчүн
      • Сиздин шериктештин аты
      • Түзүлгөндөн кийин, жараян үчүн өнөктөш веб-баракчасына шилтеме берүү
      • Тандоодон кийин, өкүлдүн аты (колдонуучу)

Уики долбоорунун өкүлдөрүнүн таблицасы

Уики долбоорунун өкүлдөрү

Уики долбоорунун аталышы Талкуулоо баракчасына шилтеме Өкүлдүн аты (колдонуучу)
nl.wp Wikipedia:Afgevaardigde Nederlandstalige Wikipedia
nl.wikiquote Wikiquote:Afgevaardigde van Nederlandstalige Wikiquote
nl.wikisource Wikisource:Afgevaardigde Nederlandstalige Wikisource
уики долбоорунун аталышы талкуулоо баракчасына шилтеме өкүлдүн аты (колдонуучу)

Катышкан өкүлдөр

Катышуучунун аты-жөнү Талкуулоо баракчасына шилтеме Өкүлдүн аты (колдонуучу)
катышуучунун аты-жөнү талкуулоо баракчасына шилтеме берүү өкүлдүн аты (колдонуучу)

Кошумча маалымат

Бул баракча бардык 300 тилге которууну жеңилдетүү жана ар бир 900 уики-долбоорлордун катышуусун камсыз кылуу максатында атайын кыскартылды. Суроолоруңузду талкуу баракчасына жайгаштырыңыз.