Talk:Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу
Add topicУюштуруу маселелери
[edit]Арыбаңыздар. Бул талкууну кыргыз тилдүү Викимедиа кыймылынын тажрыйбасын, тарыхын сактап калуу үчүн бул жерден баштадым. Карасам, кээ бир топтор көп чыдабай, жок болуп кеткен. Балким 5-6 жылдан кийин биз да жоголобуз), бирок бул талкуубуз калып, бизден кийинкилерге жемиштүү болот. Биринчи кезекте төмөнкү маселелерди чечсек жакшы болот эле.
| # | Маселе | Иш-чара | Жыйынтык |
|---|---|---|---|
| 1 | Топко тийиш баштапкы барактын аталышы жана мазмуну | 1.1. Топко тийиш баштапкы барактар кайсы тилде аталаарын жана жазылаарын (түп нусканын тилин) бекитүү | Топоко тийиш баштапкы барактар кыргызча аталат жана кыргызча жазылат |
| 2 | Топтун максаты | 2.1. Викимедиа кыймылынын максатына/максаттарына ылайык келген максатты/максаттарды аныктоо | Топтун максаттары: - кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүнүн кеңейүүсү; - кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлорунун туруктуу жана натыйжалуу өнүгүүсү; - Кыргызстанда ачык/эркин билимге өбөлгө түзгөн шарттардын калыптануусу |
| 3 | Топтун аталышы | 3.1. Топту тийиштүү көрсөтмөлөргө ылайык атоо | Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу |
| 3.2. Топтун аталышынын англис тилине котормосун бекитүү | Kyrgyz Wikimedians User Group | ||
| 4 | Топтун логотиби | 4.1. Товардык белгилерди колдонуу саясатына, тийиштүү көрсөтмөлөргө ылайык келген логотипти бекитүү | Бекитилди |
| 4.2. SVG форматындагы логотипти жүктөө | File:Кыргыз викимедиачылардын логотиби.svg |
Аталыш боюнча
Аталыш көрсөтмөлөргө жана практикага дал келет, ошондой эле кыргыз тилинен да башка тилдерге которсо болот, бул жерде маселе жок. Бирок эмнеге кыргызча берилген деген суроону болжолдоп жатам. 2 вариантыбыз бар:
1) кыргыз тилиндеги аталыш + кыргыз тилиндеги мазмун;
2) англис тилиндеги аталыш + кыргыз тилиндеги мазмун.
Биринчи вариантты сунуштайт элем: 1) тил боюнча негизделген топтордун максаты бир гана эл аралык кызматташтык эмес же топтун барагын кимдир бирөөгө эки-үч жолу көрсөтүп коюу эмес; 2) кыргыз тили деп чыгабыз, анын ролун кеп кылабыз, бирок иш жүзүндө кылыгыбыз жок; 3) ишибиз кыргыз тилдүүлөргө арналганын унутпайлы; 4) айтканымдай бул практикага дал келет, 5) англисче аталган баракты негизги баракка багыттаса болот (изделгенде табылат). Акыры жамаат чечет.--Bosogo (talk) 11:39, 12 December 2024 (UTC)
- Саламатсызбы!Аталыш боюнча мен да сиздин ойго кошулам.Эгер кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп кыйкырык кылып жатсак 1-вариантты тандашыбыз керек деп ойлойм! Baydastann (talk) 16:57, 16 December 2024 (UTC)
- 1 варианты туура болот деген ойдомун. Кыргыз тилинде аталышы дагы, мазмунун дагы жазылса жакшы көрүнөт... Artelow (talk) 08:50, 17 December 2024 (UTC)
- Арыбаңыздар! Кандайсыздар урматтуу викимедиачылар?
- 1) Колдонуучулар тобунун аталышын да, мазмунун да кыргыз тилинде кылсак туура болот. Мен да бул таңдоого кошулам.
- 2) А бирок азыркы сунушталып жаткан "Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу" аталышынын ордуна "Кыргыз викимедиачыларынын колдонуучулар тобу" аталышына өзгөртүүнү сунуштаймын. Анткени -дын мүчөсүнүн колдонулганы суроо жаратып, айтууга татаал болуп жаткандай сезилип жатат. Себеби ал вариант "Кыргыз викимедиачылардын тобу" деп атоого ылайыктуу. Бул учурда "колдонуучулар" сөзү жок болуп калат. Аны кошуу үчүн төмөнкү вариант "Кыргыз тилдүү викимедиачылардын колдонуучулар тобу" ылайыктуу келет.
- Демек, бизде 2 сунуш бар.
- 1-чи сунуш: "Кыргыз викимедиачыларынын колдонуучулар тобу" — "Kyrgyz Wikimedians User Group"
- 2-чи сунуш: "Кыргыз тилдүү викимедиачылардын колдонуучулар тобу" — "Wikimedia Community of Kyrgyz language User Group" катары берсек болот же түз котормосу "Kyrgyz-speaking Wikimedians User Group"
- Эгерде мени менен макул болгон учуруңуздарда, ушул эки вариантты добушка сунуштаймын.
- Биринчи вариантта да кыргыз тилинде сүйлөй ала турган бардык катышуучулардын өзүнө камтыйт. Бул өлкө же улутка гана тиешелүү сөз эмес. Ал эми экинчи вариантта болгону кыргыз тили деп баса белгиленген. Талкууга ачыкмын, ошондуктан талкуулап, жакшы вариант таңдайлы. Элдин беги (talk) 14:26, 17 December 2024 (UTC)
- @Элдин беги
- Кыскача, кеп мында: "кыргыз викимедиачы" же "кыргыз викимедиачысы".
- Бул маселе көп кездешет: кыргыз жазуучу/кыргыз жазуучусу, кыргыз айдоочу/кыргыз айдоочусу, кыргыз кино/кыргыз киносу, кыргыз ашпозчу/кыргыз ашпозчусу, кыргыз инженер/кыргыз инженери, кыргыз театр/кыргыз театры ж.б.
- Грамматика боюнча туурасын айта албайм азырынча, баары тең туура болушу мүмкүн (буюрса/буйруса, ыракмат/рахмат сыяктуу), андай болсо бул маселе жагат/жакпайт деп чечилет. Буга чейин гуглдан ар кандай айкаштарды издеп көргөм: мындай да, тигиндей да жазылат экен, ар бир учурда (санга жараша да) кайсы бир варианты көбүрөөк колдонулат экен.
- Энчилүү аттарда мүчө кошулганын байкадым (башка мисалдар ойго келген жок): Кыргыз Республикасы, Кыргыз Википедиясы ж.б.
- Контекстибизде "кыргыз" менен "кыргыз түлдүү" кыргыз тилдүүлүктү билдиргендиктен Кыргыз Википедиясы сыяктуу эле "Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу" деп атаганыбыз оң. Кыскараак болгону жакшы. " Bosogo (talk) 16:29, 19 December 2024 (UTC)
- Саламатсыздарбы! Аталыш боюнча 2 сунуштун ичинен мен "Kyrgyz Wikimedians User Group" аталышын колдоймун. Бул аталыш Кыргызстанга таандык экенин баса белгилеп, ошол эле учурда кыска, түшүнүктүү жана универсалдуу болгондуктан, кеңири аудиторияны тартууга ылайыктуу. Aiyanakk (talk) 21:25, 28 December 2024 (UTC)
- Саламатсыздарбы! Топтун аты кыска болгону аябай жакшы, бул сунушту албетте колдойм. Ошол эле учурда Кыргыз тилдүү Викимедиячылардын тобу (Kyrgyz Language Wikimedians User Group) деген аталышты көбүрөөк колдоп кетет элем, анткени дайыма эле "кыргыз" дегенде баарына (айрыкча келечекте жаңы катышуучуларга) бул тилдүүлүктү билдирет деп ишене албайм.
- @Элдин беги
- Бул топтун алкагында, мен ойлойм, биз жаңы колдонуучуларды чакырабыз жана алар менен иш алып барабыз. Алардын арасында ар кандай адамдар болушу мүмкүн: кээ бирлери өзүн кыргызстандык деп эсептеши мүмкүн, кээ бирлери башка улуттан болушу мүмкүн. Бирок баарыбызды кыргыз тили бириктирет. Ошондуктан "тилдүү" деген сөздү кошуу туура болотко деп сунуштайм. Эми чечимди добуш аркылуу жамаат чечет. Рахмат. --AAkhmedova (WMF) (talk) 00:50, 9 January 2025 (UTC)
1-этап
[edit]| Кыргыз викимедиачылар(дын/ынын) колдонуучулар тобу | Кыргыз тилдүү викимедиачылардын колдонуучулар тобу | |
|---|---|---|
| Англис тилине котормосу | Kyrgyz Wikimedians User Group[1] | 1) Wikimedia Community of Kyrgyz language User Group[2] 2) Kyrgyz-speaking Wikimedians User Group[3] 3) Kyrgyz Language Wikimedians User Group[4] |
| Жарактуулугу | жарактуу | жарактуу |
| 2-этап | Аталышты төмөнкүлөрдөн тандоо:
1) Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу; |
Англис тилине котормону төмөнкүлөрдөн тандоо: 1) Wikimedia Community of Kyrgyz language User Group; |
| Колдогондордун саны | 5 | 1 |
Хронология иретинде: Мен, @Элдин беги, @Aiyanakk, @AAkhmedova (WMF) бул маселе боюнча позициябызды билдирдик. Калгандарды да (алфавит иретинде): @Artelow, @Baydastann, @Janabaevazizbek чакырам. Төмөнкү добуш берүү позициясын билдире электер үчүн уюштурулган. Добуш берүүгө топтун мүчөлөрү катыша алат. Добуш берүү 22-февралга чейин (21-февраль акыркы күн) өтөт. Мындайн кийин 2-этап башталат.--Bosogo (talk) 13:55, 18 February 2025 (UTC)
Кыргыз викимедиачылар(дын/ынын) колдонуучулар тобу
- Колдойм--Baydastann (talk) 16:07, 18 February 2025 (UTC)
- Колдойм--Artelow (talk) 09:17, 19 February 2025 (UTC)
Кыргыз тилдүү викимедиачылардын колдонуучулар тобу
- Колдойм
Калыс
- Калыс
Комментарийлер
2-этап
[edit]| Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу | Кыргыз викимедиачыларынын колдонуучулар тобу | |
|---|---|---|
| Колдогондордун саны | 3 | 3 |
@AAkhmedova (WMF), @Aiyanakk, @Artelow, @Baydastann, @Janabaevazizbek, @Элдин беги Арыбаңыздар. Аталыш боюнча консенсуска келейин деп калдык)) Добуш берүү 25-февралга чейин (24-февраль акыркы күн) созулат.--Bosogo (talk) 19:18, 21 February 2025 (UTC)
Кыргыз викимедиачыларДЫН колдонуучулар тобу
- Колдойм --Aiyanakk (talk) 22:37, 21 February 2025 (UTC)
- Колдойм ----Elizat88 (talk) 17:19, 24 February 2025 (UTC)
Кыргыз викимедиачыларЫНЫН колдонуучулар тобу
- Колдойм--Baydastann (talk) 14:37, 22 February 2025 (UTC)
- Колдойм--Artelow (talk) 19:50, 23 February 2025 (UTC)
Калыс
- Калыс
Топтун аталышы боюнча жыйынтык
Экинчи этаптагы добуш берүүдө добуштар тең берилди. 2025-жылдын 17-февралында өткөн онлайн маекте топту уюштуруу ишин жандандыруу маселеси кеп кылынган. Буга чейин талкуулоо үчүн убакыт жекиштүү болгон, топ бул маселеге такалган бойдон калып калбашы керек. Алгач берилген аталыш өзгөртүлбөйт.
Аталыштагы "колдонуучулар" сөзүн алып салуу маселеси изилдөөнү талап кылат: кыскартуу биздин тобубуздун аталышына гана тийиш болобу же бардык топтордун кыргыз тилине которулган/которула турган аталыштарына да тийиш болобу; ар кандай тексттерде "user group" түшүнүгүн кыргыз тилине түз которобузбу же "топ" деп которобузбу (топко мүчө болбогондор менен пикир келишпестик болсо?), андай которгонубуздун кесепеттери ж.б. Бул маселе кийинчерээк каралышы мүмкүн.
Эми 2-кезектеги уюштуруу маселелерин чечишибиз керек.--Bosogo (talk) 21:44, 24 February 2025 (UTC)
Логотип боюнча
Туура түшүнсөм бизди танымайын Викимедиа фондунун логотибин колдоно албайбыз. Ошондуктан 1) коомдук энчидеги жамааттын логотибин өзгөртпөй колдонсок болот, 2) же айкаштырып, колдонсок болот, 3) же өзүбүздүкүн иштеп чыксак болот. Жакында бир файл менен бир нече варианттарымды сунуштайм. Сиздер да сунуштаңыздар.--Bosogo (talk) 11:39, 12 December 2024 (UTC)
Bosogo колдонуучусунун сунушу

Кошумча: Бул логотиптин түстөрүн бири-бири менен алмаштырса болот, ошондо Күн менен жазуу ак болот, планета (тегерек) кара. Ал да жакшы көрүнөт. Мындай логотипти кара түстөгү буюмдарга басса болот.
- Мен да өзүмдүн вариантымды сунуштоо оюм бар эле, бирок экзамендерим менен болуп бошой албай жатам. Эгерде тандаш керек болсо мен 2-логону тандайт элем. Baydastann (talk) 17:01, 16 December 2024 (UTC)
- Рахмат) Bosogo (talk) 08:24, 17 December 2024 (UTC)
- Логотип боюнча менин оюм кыргыз туусун же буга чейинки мамлекеттик атрибуттарды же ага шайкеш келген сүрөттөрдү колдонбой койгонубуз туура болот. Мисалы: төмөнкү эки сүрөт тартыштуу маселени жаратып, өзүбүзгө куугунтук алып келип калышы мүмкүн. Анын ордуна кыргыз маданиятына таандык боз үй, ак калпак, манас эпосун чагылдырган же ар түрдүү ойломолорду жана Викимедиа фондунун логотибинде колдонулган түстөрдү жана жер шаарын шайкеш келтирип, ортодо бир жакшы логотип жаратууга мүмкүн. Логотипти жаңыдан мыкты графикалык дизайнерлерге тапшырык жасоо менен бир канча варианттардын арасынан таңдап алганыбыз туура болот. Элдин беги (talk) 14:51, 17 December 2024 (UTC)
- Макул эмесмин. Эч ким эми тарыхый болуп калган мамлекеттик символубуздун элементтери үчүн куугунтукка укугу жок. Маселени саясатташтырбаш керек. Мындан тышкары мамлекеттик бийликтегилер бизди мыйзамсыз куугунтуктайт деп кандайдыр бир аракет кылганыбыз аябай терс көрүнүш. Мындай принцип бийликтин буйрутмасы менен иш алып барууга алып келет.
Baydastann мырза менен макулмун. Кыргызстандыктардын көп эле логотиптеринде боз үй ж.б.у.с. сыяктуу элементтер камтылат. Колдонуучулар тобунун логотибинде мындан баш тартуу керек деп ойлойм. Ошол эле кыргыз, боз үй, Манас эпосу, билимдин баарын жараткан адамзат (акылдуу тиричилик) Жер планетабызда жаралган. Ошол планетабызда жаралган билимди тутумдаштырабыз деп жатпайбызбы. Бул жактан сунушталган логотип долбоорунун философиясын өркүндөтсө болот, сөзгө чечендерге жол ачык. Адамзат жаралганынан бери асмандагы нерселер (астрономиялык объекттер) менен суктанган. Ошол эле кыргыз маданиятында Саманчынын жолу сыяктуу түшүнүктөр бар. Ошол эле учурда бул логотип долбоору кыргыз тилдүүлөр илим менен билимди көздөп жатканын да белгилейт. Менимче, мындай универсалисттик көз карашты камтыган логотип бизге таандык болгону жакшы.--Bosogo (talk) 17:17, 18 December 2024 (UTC)
- Макул эмесмин. Эч ким эми тарыхый болуп калган мамлекеттик символубуздун элементтери үчүн куугунтукка укугу жок. Маселени саясатташтырбаш керек. Мындан тышкары мамлекеттик бийликтегилер бизди мыйзамсыз куугунтуктайт деп кандайдыр бир аракет кылганыбыз аябай терс көрүнүш. Мындай принцип бийликтин буйрутмасы менен иш алып барууга алып келет.
Элдин беги колдонуучусунун сунушу
Саламатсыздарбы! Логону бир аз креативно анан жөнөкөй кылсак. Манас, боз үй дегендерди кошпой эле койсок кандай дейсиздер? Ансыз деле кыргыздын ар бир логосунда боз үй, калпак, Манас бар, аларсыз деле кылсак болчудай. Жаңылык киритүү керек. Бул менин субъектив оюм. Baydastann (talk) 15:13, 17 December 2024 (UTC)
Логотип боюнча жыйынтык
Логотип долбоорун сунуштоо үчүн жетиштүү убакыт берилген. 2-логотип долбоору кабыл алынды.--Bosogo (talk) 12:48, 24 February 2025 (UTC)
Мүчөлүк
[edit]Саламатсыздарбы! Топко мүчө болуу үчүн эмне кылыш керек? Топко мен да кошулуп, колумдан келишинче жардам бергим келет. Janabaevazizbek (talk) 17:23, 1 January 2025 (UTC)
- Саламатсызбы @Janabaevazizbek , азырынча бул жерде катталышыңыз керек --AAkhmedova (WMF) (talk) 15:47, 9 January 2025 (UTC)