Кеңейтилген укуктарга ээ колдонуучулардын конференциясы 2026
- Күнү
- 2026-жылдын 11–13-декабры
- Өткөрүлүүчү жери
- Португалия
- Арыз берүү мөөнөтү
- 4-сентябрда аяктайт
- uwercon
wikimedia
org
- Wikimedia Portugal
- Wikimedia Foundation
2026-жылдын декабрь айында «Wikimedia Portugal» жана «Викимедиа» фонду кеңейтилген укуктарга ээ колдонуучулар (КУК) үчүн буга чейин мындай форматта өткөрүлүп көрбөгөн алгачкы жолугушууну уюштурушат.
Бул иш-чара кеңейтилген укуктарга ээ колдонуучулар үчүн буга чейин өткөрүлгөн «Викимания» алдындагы эки жыйындын уландысы болуп саналат. Ал жыйындардын жүрүшүндө администраторлорду тартуу, психикалык саламаттыкты сактоо жана чыр-чатактарды жөнгө салуу, администратордук куралдар жана жасалма интеллект сыяктуу көптөгөн темалар боюнча баяндамалар жана практикалык семинарлар өткөрүлгөн.
«Викимания 2025» жана «Викимания 2026» иш-чараларынын алкагында буга чейин өткөрүлгөн бир күндүк жыйындардан айырмаланып, бул иш-чара өз алдынча үч күн бою өткөрүлөт.
Conference information
UwERcon is a closed conference, where attendance requires a successful scholarship application. Conference information, including the venue and program, will be sent privately to attendees.
Арыз берүү тартиби жана маалымат
Бул — катышуу үчүн арыз берүүнү жана арыздын ийгиликтүү кабыл алынышын талап кылган жабык конференция. Катышууга арыз берүүгө мазмундук викилерде же глобалдык деңгээлде кеңейтилген укуктарга ээ викимедиачылар (администраторлор, бюрократтар, текшерүүчүлөр, көзөмөлчүлөр, глобалдык системалык операторлор, стюарддар, арбитрлер жана U4C мүчөлөрү), ошондой эле викидеги долбоорлорду башкаруу иштерине жигердүү катышкан, администратордук ишмердикке байланыштуу милдеттерди аткарган айрым колдонуучулар укуктуу. Арызы ийгиликтүү кабыл алынган катышуучуларга жол кире жана жашоо чыгымдарын жабуу үчүн стипендия берилет.
Арыздарды кароо учурунда кеңейтилген укуктарга ээ колдонуучулардын ишмердигинде тажрыйбасын жана кызыгуусун далилдеген, өз тармагында жаңы ыкмаларды киргизип жаткан, ошондой эле ар түрдүү викилердеги администраторлордун ортосунда тажрыйба жана билим алмашуудан пайда ала турган колдонуучуларга артыкчылык берилет.