Jump to content

Вики Фото Воркшоп 2025 – Бишкекте

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Wiki Photo Workshop 2025 in Bishkek and the translation is 94% complete.
Outdated translations are marked like this.

Вики Фото Воркшоп - Кыргызстандык Википедиячылар тарабынан жүктөлүүчү сүрөттөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган билим берүүчү иш-чара. Буга чейин дал ушундай иш-чара Ташкент шаарында уюштурулуп, Өзбекистандагы фото сынактарга жүктөлгөн сүрөттөрдүн жалпы саны кескин өскөндүгү үчүн бул өңдүү иш-чараларды өткөрүү ийгиликтүү деп табылган. Жаңы иш-чара 2025-жылдын 26-27-апрелинде өткөрүлөт. Воркшоп Бишкек шаарында, Кыргызстан, Пушкин көчөсү 135А дареги боюнча People коворкингте өткөрүлөт.

Иш-чара саат 10:00дө (UTC+6) башталат.

Иш-чара эмне жөнүндө

Биздин окутуу 5 ар түрдүү фотосьемкалардын жүргүзүлүшүн өздөштүрүүгө багытталган окуу курстарынан турат. Алгачкы үчөө 1 сааттык лекциядан жана 1 сааттык практикадан туруп, катышуучулар алган билимдерин иш жүзүндө көрүп, өздөрүнүн жумуштарын окутуучуларга баалого көрсөтө алышат. Калган эки курс 1 сааттык практикалык иштен турат.

Биринчи курста "Фотографиянын негиздери" катышуучуларга сүрөттөрдүн негизги терминдерин жана, андан да маанилүүсү, бул терминдер кимдир бирөөнүн өз сүрөттөрүнө кандайча тиешелүү экенин түшүндүрүү пландаштырылат. Катышуучулар жарык, курамы, фокус, диафрагма, экспозиция жана сүрөттү тартуунун башка параметрлери жана шарттары жөнүндө билип, натыйжаны айрым оор шарттарда кантип жакшыртуу керектигин билишет.

Экинчи курс, "Архитектуралык фотография" сиздин объектиңиз имарат же кичинекей архитектуралык форма болгондо эмне маанилүү экендигин түшүнүүнү түзүүгө багытталган. Катышуучулар архитектуралык сүрөттөрдүн көз карашы, бурчтары, деталдары жана башка аспектилери жөнүндө билим алышат.

Үчүнчү курс, "Табият фотографиясы" катышуучулардын табият объектилерин изилдөөгө мыкты көз караштарын табуу жөндөмүн калыптайт. Катышуучулар сыртта сүрөткө түшкөндө убакыт, макро жана пейзаж сүрөттөрү жана жалпы практикалар жөнүндө билишет.

Төртүнчү курс, "Сүрөттөрдү иштетүү" катышуучуларга сүрөттөрдү жалпы иштетүү куралдарын колдонуу менен кантип иштетүү керектигин үйрөтөт. Алар сүрөттү кантип жакшыртууну, камера жана компьютерден башка эч нерсе менен сулуу жана дем алуучу сүрөттөрдү кантип жасоону үйрөнүшөт.

Бешинчи курста "Викиказына менен иштөө" катышуучуларга сүрөттөрдү Викиказынага кантип туура жүктөп, файлдарды категориялоого, категорияларды түзүүгө жана сактоого жана бул ишке кандай пайдалуу куралдарды колдоно аларына түшүнүк берет.

Уюштуруучулар

Окутуу Борбордук Азиядагы Вики Жерди Сүйөт жана Вики Эстеликтерди Сүйөт сынактары уюштуруучулары менен жергиликтүү Кыргыз Википедиячылары тарабынан уюштурулуп жатат.

Биздин курам