Jump to content

Википедия Азия Айы 2025/Оффлайн иш-чара өткөрүү үчүн грант алуу боюнча жолдомолор 2025

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Wikipedia Asian Month 2025/Offline Event Grants Application Guidelines 2025 and the translation is 86% complete.
Outdated translations are marked like this.

Википедия Азия Айына оффлайн иш-чара өткөрүүгө грант алуу боюнча жолдомолор 2025

1. Киришүү

Оффлайн иш-чаралар гранты Википедия Азия Айлыгы (ВАА) долбоорлоруна байланыштуу жолугушууларды колдойт. Ал едитонбу же семинарбу, жолугушуунун кандай түрү болбосун, бул грант жүзмө жүз жолугушуу форматындагы коомчулуктун кызматташтыгын өркүндөтүүгө, билим алмашууга багытталган. Иш-чаралар Викимедиа платформаларындагы контентти жакшыртууга жана кеңейтүүгө багытталышы керек.

2. Талаптар

Грант төмөнкүлөргө арналган:

  • ВАА нын жеке катышуучуларына, топтор же жамааттарга.
  • ВАА долбоорлоруна байланыштуу оффлайн иш-чараларды өткөрүүнө пландаштырып жаткан ыктыярчыларга.

3. Колдоого алынуучу иш-чаралардын түрлөрү

Грант ар кандай оффлайн иш-чараларды колдоого алат, алардын ичинде:

  • Едитон: Белгилүү бир контентти жакшыртууга же кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар.
  • Семинарлар жана тренингдер: Жаңы колдонуучуларга Викимедиа долбоорлоруна кантип салым кошууну үйрөтүү.
  • Live-Virtual Collaboration Events: Activities aimed at engaging participants from diverse regions to improve content or expand community outreach.

Иш-чара ВАА долбоорлоруна олуттуу салым кошууга, мисалы, жаңы же кеңейтилген макалаларды жаратууга, салымдардын көбөйүшүнө же жамаатка жаңы колдонуучулардын кошулуусуна алып келиши керек.

Убакыт түрмөгү

Биринчи цикл:

  • Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 20-сентябры.
  • Өтүнмөлөрдү карап чыгуу: 2025-жылдын 21-сентябрынан 15-октябрына чейин.
  • Жыйынтыктарды жарыялоо: 2025-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин
  • Грант келишими жана төлөм аткаруу: 2025-жылдын 20-октябрынан 30-октябрына чейин.
  • Оффлайн иш-чараларды өткөрүүнүн алгачкы күнү: 2025-жылдын 1-ноябры.

Эктинчи цикл:

  • Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 1-январы.
  • Өтүнмөлөрдү карап чыгуу: 2026-жылдын 2-январынан 31-январына чейин.
  • Жыйынтыктарды жарыялоо: 2026-жылдын 1-февралынан 10-февралына чейин
  • Грант келишими жана төлөм аткаруу: 2026-жылдын 11-февралынан 20-февралына чейин.
  • Оффлайн иш-чараларды өткөрүүнүн алгачкы күнү: 2026-жылдын 1-марты.

5. Шарт талаптары

Оффлайн иш-чаралар грантына ээ болуу үчүн, сиздин иш-чараңыз төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • ВАА долбооруна багытталган: Иш-чара Викимедианын максаттарына жана миссияларына түздөн-түз байланыштуу болушу керек.
  • Жалпы коомчулукка ачык: Иш-чаралар инклюзивдүү болуп, ар түрдүү топтордун, өзгөчө азчылык жамааттардын катышуусуна үндөшү керек.
  • Контент жаратууга үндөгөн: Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын ВАА долбоорлоруна салым кошуусу үчүн так план болушу керек.
  • Аныкталган таасирге ээ: Википедияда жаңы макалаларды түзүү же колдонуучуларды активдештирүү деген сыяктуу өлчөөгө боло турган максаттары болушу керек.

6. Гранттын өлчөмү

Гранттын суммасы иш-чаранын масштабына жана көлөмүнө жараша өзгөрөт. Адатта, гранттар 100 доллардан 275 долларга чейин болот жана жалпы каржылоо суммасы төмөнкү критерийлердин негизинде аныкталат:

  • Катышуучулардын саны.
  • Иш-чарага керектелүүчү ресурстар (өткөрүлүүчү жер, материалдар, ичимдик же тамак-аш ж.б.).
  • ВАА долбоорлоруна тийгизүүчү таасири..

Грантка тапшыруучулар күтүлгөн чыгымдарын көрсөтүү менен толук бюджетти бериши керек.

7. Кантип тапшыруу керек

Өтүнмөлөрдү "Википедия Азия Айлыгы" колдонуучулар тобунун Башкаруу комитети карап чыгат. Өтүнмө берүү үчүн, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

Өтүнмөнү регионалдык элчиге(амбассадорго) тапшырыңыз: Ага иш-чара туурасында төмөнкүдөй толук маалымат беришиңиз керек.

  • Уюштуруучулардын тизмеси
  • Иш-чаранын максаттары жана милдеттери.
  • Күтүлүүчү катышуучулардын саны.
  • Иш-чаранын убактысы (иш-чарага даярданууга кеткен убакытты жана алдын ала өткөрүлүүчү иштерди кошуп).
  • Кошумча каржылоо булактарын кошуп деталдаштырылган бюджет.

Деталдуу план бериңиз: Сиздин иш -чара ВАА мазмунун кантип жакшыртууга жардам берерин жана катышуучуларды контент түзүүгө кантип үндөй турганыңызды баяндаңыз.

Өтүнмөлөрдү карап чыгуу жараяны: Элчи тиешелүү аймактагы бардык арыздарды чогултуп, андан кийин Википедия Азия Айлыгы Колдонуучулар тобунун Башкаруу комитетине (ВААКТ БК) жөнөтөт. Комитет арыздарды карап чыгып, кошумча маалымат же тактоо талап кылышы мүмкүн.

8. Грант берүү чечими чыгарылгандан кийинки жараян:

Өтүнмө ээсинин иш-чара планын колдоого алуу чечими чыккандан кийин, гранттар өтүнмө ээсине түздөн-түз берилбейт. Тескерисинче, каражаттар алгач регионалдык элчилерге которулат. Андан кийин регионалдык элчилер каражатты өз аймагындагы иш-чаранын уюштуруучуларына жөнөтүшөт.

Өтүнмө ээлери регионалдык элчи грантты которушу үчүн, банк эсебинин реквизиттери же башка тийиштүү төлөм ыкмалары сыяктуу керектүү төлөм маалыматтарын бериши керек.

Иш-чара аяктагандан кийин, талапкер гранттын иш жүзүндө колдонулушу жөнүндө толук отчет бериши керек. Отчет төмөнкүлөрдү камтышы шарт:

  • Чыгымдардын бөлүнүшү: Тартылган чыгымдардын толук тизмеси жана тиешелүү дүмүрчөктөр(квитанциялар).
  • Иш-чаранын жыйынтыгы жөнүндө отчет: Ал иш-чаранын жүрүшүндө түзүлгөн же кеңейтилген Википедия макалаларынын жалпы санын, ошондой эле биринчи жолу кошулуп же биринчи жолу оңдоолорду жасап жаткан катышуучулардын санын жана иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү камтышы керек.
  • Өлчөөгө боло турчу башка таасирлер: Буга коомчулуктун катышуусунун жогорулашы же билим алмашуунун кеңейиши кириши мүмкүн.

9. Гранттарды колдонуу саясаты:

Берилген гранттар иш-чарага байланыштуу чыгымдарга гана (мисалы, өткөрүлүүчү жерди ижарага алуу, материалдар, тамак-аш жана суусундуктар ж.б.) жумшалышы керек. Алар жеке кызыкчылыктарга же иш-чарага тиешеси жок чыгымдарга колдонулбайт. Максатына ылайык колдонулбаган гранттар Википедия Азия Айлыгы Колдонуучулар тобуна кайтарылышы керек.