Wikimedia Foundation elections/2022/Announcement/The 2022 Board of Trustees election Community Voting is about to Close/ky
Жамааттардын 2022-жылдагы Камкорчулар кеңешине болуп жаткан шайлоодо добуш берүү аяктап баратат.
Саламатсызбы,
Жамааттын 2022-жылдагы Камкорчулар кеңешине шайлоодогу добуш берүүсү 2022-жылдын 23-августтунда башталып, 2022-жылдын 6-сентябрында саат 23:59 (UTC) аяктайт. Сиз дагы эле добуш бере аласыз. Добуш бере элек болсоңуз, анда SecurePoll добуш берүү барагына кирип, азыртан добуш берсеңиз болот. Добуш берүү укуктары тууралуу көбүрөөк билүү үчүн бул баракты караңыз. Эгер сизге чечим кабыл алууга жардам керек болсо, төмөндө пайдалуу шилтемелер келтирилген:
- 15 маселе боюнча талапкерлердин көз карашын чагылдырган Шайлоочуу компасын колдонуңуз.
- Талапкерлердин арыздарын жана өнөктөш уюмдардын суроолоруна жоопторду окуп чыгыңыз.
- Кеңешке керек болгон көндүмдөр жана Талдоо комиссиясы талапкерлердин бул көндүмдөрдүн шайкештигин кантип аныктаганы тууралуу көбүрөөк билиңиз.
- Талапкерлердин жамааттын суроолоруна жооп берген видеолорун көрүңүз.
Урматтоо менен,
Кыймыл стратегиясы жана башкаруу тобу