Grants:MSIG/Approach/ky

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Grants:MSIG/Approach and the translation is 100% complete.

Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу грантынын ык-амалы (2021-2022) үч негизги кадамдан турат. Ушул кадамдар аркылуу Кыймылдын стратегиясын 2030-жылга чейин жүзөгө ашыруу максатыбызды бекем кармана алабыз. Ошондой эле бул үч кадам кызматташтыкты бекемдеп, гранттык сунуштарды багыттоо үчүн пикирлерди топтойт.

1-кадам. Жамаат мүчөлөрү кандай демилгелерди жүзөгө ашырганы жатканын аныктоо

Бул мерчимде төмөнкүдөй төрт артыкчылыктуу демилгеге басым жасалат:

Ушул артыкчылыктуу демилгелердин аныкталганына карабастан, башка демилгелер боюнча деле сунуштарыңызды жөнөтө берсеңиз болот. Белгилүү бир демилге боюнча кеминде 5 ар кандай сунуш түшсө, ошол демилге артыкчылыктуу демилгелердин катарына кошулат.

2-кадам. Жамаат менен бирге жаңы идеяларды изденүү

Ар кандай жамааттар ар кандай артыкчылыктарга ээ, ошондуктан келечектеги эмнелердин үстүнөн иштөө керектиги тууралуу ар кандай сунуштары бар. Сиздин керектөөлөрүңүз менен артыкчылыктуу максаттарыңыз, ошондой эле Кыймылдын стратегиясын жүзөгө ашыруу менен, ошолорду кантип канааттандырууга болорун аныктаганга аракет кылабыз.

Идеяларды талкуулап, алар боюнча акылдашуу иш-чараларын уюштуруп, жөнгө салууга белгилүү бир күч-аракет талап кылынышы мүмкүн. Кыймылдын стратегиясы жана Башкаруу командасы жамааттарга менен уюмдарга негизги демилгелерине байланыштуу жаңы ойлорду талкуулоого техникалык жардам көрсөтө алат.

Жамааттын катышуусу менен пайда болгон идеялар кошумча демилгелер менен сунуштарды артыкчылыгы боюнча иреттештириши мүмкүн.

Жаңы талкуу баштардан мурун, идеяңыздын буга чейин талкууланганын же талкууланбаганын текшерип алыңыз.

3-кадам. Демилгелерди ишке ашыруу пландарын иштеп чыгуу

Белгиленген демилгелерди жана башка пайда болгон идеяларды жүзөгө ашыруу пландарын түзгөнгө кызыккан уюмдар менен ыктыярчыларды издей бермекчибиз. Алардын жардамы менен, демилгелердин мисалдарын даярдап, планыңызды түзгөнгө көмөктөшөбүз.

Бул жерде идеялардын тизмеси келтирилген.

Ушул чейректе каралбай турган, бирок кызыктуу көрүнгөн демилгелерди көргүңүз келсе, ыктыярчылар менен өнөктөштөрүбүзгө кайрылыңыз. Беш кызыкдар тарап топтолгондо, ошол демилгеге басым жасап, өз планыңызды түзгөнгө жардам берген үлгүлөрдү иштеп чыгабыз.