Универсалдуу жүрүм-турум кодекси/Ишке ашыруу боюнча кайра каралып чыккан колдонмо/Кабарлоо/Добуш берүү 1

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Universal Code of Conduct/Revised enforcement guidelines/Announcement/Voting 1 and the translation is 100% complete.

Универсалдуу жүрүм-турум кодексинин кайра каралып чыккан ишке ашыруу колдонмосу боюнча алдыдагы добуш берүү

Бул билдирүүнү башка тилдеринде Мета-викиден окуй аласыз.

Арыбаңыздар,

2023-жылдын январь айынын орто ченинде Универсалдуу жүрүм-турум кодексин ишке ашыруу боюнча колдонмо (мындан ары ― Колдонмо) жамаат тарабынан экинчи кабыл алуу добуш берүүсүнө коюлат. Бул чара 2022-жылдын мартындагы добуш берүүсүнүн уландысы болот, анда добуш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү Колдонмону колдошкон. Добуш берүүчүлөр жамааттын маанилүү көйгөйлөрүн аныктаганы жардам беришти. Башкармалыктын Жамааттык иштер комитети бул көйгөйлөрдү карап чыгууну өтүндү.

Ыктыярчылар жетектеген Текшерүү комитети жамааттын сунуштарын карап чыгуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн көп күч жумшады. Жыйынтыгында көйгөйлүү жааттар жакшыртышты: окутуу, кабыл алуу, купуялуулук, иштин ачыктыгы, ошондой эле документин окумдуулугу менен которуу мүмкүндүгү.

Ишке ашыруу колдонмосунун жаңыланган нускасын бул жерден окуса болот, ал эми өзгөртүүлөрдүн салыштырмасы бул жерде берилген.

Кантип добуш берсе болот?

Добуш берүү 2023-жылдын 17-январынан тарта ачык болот. Мета-викидеги бул барак SecurePoll менен кантип добуш берүү керектиги жөнүндө маалымдайт.

Ким добуш бере алат?

Добуш берүү үчүн талаптар Викимедиа Камкорчулар кеңешине шайлоодогудай эле. Добуш берүү укугу тууралуу бул жерден окусаңыз болот. Эгер талаптарга жооп берсеңиз, Викимедиа аккаунтуңуз аркылуу добуш берүү серверине кире аласыз.

Добуш берүү аяктагандан кийин эмне болот?

Добуштарды көз карандысыз ыктыярчылар тобу кылдаттык менен текшерет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары Wikimedia-l, Кыймыл стратегиясы боюнча форумунда, Diff блог платформасында жана Мета-викиде жарыяланат. Добуш берүүчүлө кайрадан добуш берип, колдонмо боюнча пикирин билдире алышат. Камкорчулар кеңеши Колдонмону кабыл алуу же аны андан ары өркүндөтүү маселесин кароодо жактыруу деңгээлин жана көтөрүлгөн маселелерди эске алат.

Универсалдуу жүрүм-турум кодекси долбоорунун тобу атынан