Консенсус

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Consensus and the translation is 80% complete.
Outdated translations are marked like this.

Бардык колдонуучулар бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугу себептүү (колдонуучуларды бөгөттөө жана барактарды өчүрүү же коргоо сыяктуу техникалык мүмкүнчүлүктөрү бекитилген администраторлорду кошпогондо) жана ар бири каалаган өзгөртүүнү жокко чыгара алуусунан улам Уикимедиа долбоорунун чегиндеги иштер жалаң консенсуска жетишүү менен куралат. Оңдоп-түзөөчүлөр консенсуска сылык талкуу жүргүзүү жолу менен жана өз ара пикир алмашуулар аркылуу жетишишет.

Консенсустун бир аныктамасында төмөнкүчө баяндалат:

Уикипедиянын стандарттык иштөө ыкмасынын мааниси иш жүзүндө бир топ эле жакшы сүрөттөлөт: бүтүндөй макул болгондор, кээ бир "макул эмес болууга" ыраазы болгон макул эместер, коюлган маселени анча маанисиз деп эсептеген макул эместер, чечкиндүү каршы чыккан, бирок жамааттын көз карашы экендигин эсине алып, ошол кырдаалда урмат кылгандар, кээ бири "мыйзамдан тышкары" аракеттенген бакырчаак жана көпчүлүккө баш ийбеген адамдардан турган аралашма жамаатты элестетет. Бир пикирдүүлүк жок учурда консенсуска жетүү эмне экендигин түшүнөсүз.

Белгилей кетчү нерсе, консенсус ак ниет менен аракеттенген жана бир маселени ар тараптуу көз карашта так жана туура чагылдырууга күч жумшаган, эстүү оңдоп-түзөөчүлөрдүн ортосунда гана иштейт.

Кээде кайсы позиция жөндүү же рационалдуу экендигин даана аныктоо кыйынга туруп калат. Дээрлик ар бир оңдоп-түзөөчү өз позициясын жөндүү деп эсептейт; жакшы оңдоп-түзөөчү каршылаш позициясын жөндүү экендигин моюнга алууга даяр. Бирок башка көз караштарды дагы ак ниеттүүлүк менен кароодон баш тарткан, көшөргөн позицияны Уикимедиа консенсус практикасы тааныбайт. Чын ниет демекчи, эгерде сиз жаңылыштык оңдоп-түзөө менен алек болуп жаткан болсоңуз, андайда канча ирет нейтралдуу көз карашка дал келүүсүн далилдеген кайталоолор сизге жардамын тийгизе албайт. Себеби, сиздин аракеттериңиздин мүнөзүнүн ачык көрсөткүчү болуп ошол оңдоолордун өзү эсептелет.

Консенсус НККга (же башка расмий саясатка) үстөмдүк кыла албайт. Ошентсе да, көп мүчөлүү болгон, өжөр жана уюшкан оңдоп-түзөөчүлөр тобу кайсы бир фактыларды жана көз караштарды жашырып коюу абалга жетиши мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөөчүлөр тобу макаланын НККны бузган версиясын "жактабоолору керек", бирок мындайлар баары бир кез-кезде болуп турат. Башкы эреже боюнча, андай абал туура эмес жана андай нерселерден оолак болуу керек.

Дагы караңыз

  • en:Wikipedia:Consensus, Англис Уикипедиясында консенсустун аныктамасы