Jump to content

Гранттар:Бет ачар

From Meta, a Wikimedia project coordination wiki
This page is a translated version of the page Grants:Start and the translation is 96% complete.
Викимедиа фондунун каржылоо программаларына кош келиңиздер !
Каржылоо программалары тууралуу

Викимедиа фонду акысыз билимдин ар түрдүүлүгүн, жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана көлөмүн көбөйтүү максатында дүйнө жүзү боюнча адамдарды жана уюмдарды колдойт. Биз Викимедиа кыймылынын стратегиялык багытына ылайык билимдин теңдигин жайылтабыз. Биздин каржылоо программаларыңыз борборлоштурулган эмес чечим кабыл алууга, чөлкөмдүк комитеттерге жана аз өкүлчүлүктүү жамааттарга багытталган.

Биздин адамдарга багытталган мамилебиз теңчилик жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, кызматташуу жана өз ара аракеттенүү, инновацияларды жана билимдерди жайылтуу принциптерине негизделген. Бизде адамдарды жана уюмдарды колдогон беш каржылоо программасы бар: Викимедиа жамаатынын фонду, Викимедианын өнөктөштөрү фонду, Викимедианын изилдөө жана технологиялар фонду, Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранты жана Билим теңдиги фонду.

Каржылоо программалары

Жамааттын фонду — Кыймылдын стратегиялык багытына ылайык билим теңдиги максатында иштеген викимедиачылар үчүн ийкемдүү колдоо жана каржылоо боюнча бирдиктүү программа.
Викимедианын өнөктөштөрү фонду аз өкүлчүлүктүү жамааттарда иштеген жана тыгыз кызматташууну менен иш жаатыбызды кеңейтүүнү каалаган уюмдарга арналган.
Изилдөө фонду Викимедиа долбоорлорун изилдөөгө кызыкдар адамдарды, топторду жана уюмдарды колдоого арналган.
Кыймылдын стратегиясын ишке ашыруу гранты Кыймылдын стратегиясынын демилгелеринин учурдагы абалын эске алган жана аларды ишке ашыра турчу долбоорлорду колдойт.

Викимедиа фондунун каржылоо программалары боюнча «Жамааттын каражаттары» командасы тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө. Командабыз чөлкөм деңгээлде ырааттуу колдоо көрсөтөт жана окууга жагымдуу психологиялык маанайда болууга көмөктөшөт.

Башка каржылоо программалары

Викимедиа фондунун билим теңдиги фонду
— бул 4,5 миллион долларлык жаңы фонд. Викимедиа фонду тарабынан 2020-жылы акысыз билимге жетүүгө жана катышууга тоскоол болгон расалык теңсиздикти жоюу аркылуу билим теңдигин колдогон тышкы уюмдарды каржылоо максатында түзүлгөн.

Updates

Дагы караңыз